27.06.2019 21:20

Алмазбек Атамбаев: Камакка алуу үчүн келишсе, каршылык көрсөтөм  

Алмазбек Атамбаев: Камакка алуу үчүн келишсе, каршылык көрсөтөм  

Бүгүн кечке маал Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы үйүндө уюшулган штабдын катышуучулары менен жолугушууга чыкты. Учурда ал жакта экс-президенттин үч жүздөн кем эмес тарапташтары бар. 

Алар менен жолугушуу өзүнөн-өзү маалымат жыйынга айланып кетти. Экс-президентти кабарчылар тегеректеп алышты. Алмазбек Атамбаев алардын суроолоруна жооп берди. 

Экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча пикирин сурагандарга, Алмазбек Атамбаев парламенттин мындай кадамга бараарын кышында эле билгенин айтты. Кылмыш иши козгошсо, тергөөгө барбай турганын билдирди.

«Менин адвокатым бар. Эгер прокуратуранын кандайдыр бир суроосу болсо, кат түрүндө берсе жооп беребиз. Бул бийлик турганда эч кандай укуктук чечим кабыл алынбайт. Мага коюлган күнөөнүн баары калп. Тергөө кандай жүрүп жатканын көрүп жатабыз да. Мусакеев менен Матраимовду салыштырып көргүлө, кандай айырма бар экенин!», -деди Атамбаев. Ошондой эле, эгер камакка алуу үчүн келишсе, «каршылык көрсөтөөрүн» билдирди.  

Андан сырткары, жубайы Раиса Атамбаева  жана балдары жанында экенин, Мекенинен эч жакка качпай турганын кошумчалады. Анын айтымында, Кой-Ташта азыр кичүү кызы Алия Шагиева гана жок. 

«Анын кичинекей эки баласы бар эмеспи, эгер бул жакта ызы-чуу болуп калса, балдар коркуп кетиши мүмкүн», - деди Алмазбек Атамбаев.